Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жердин эң мыктысы, дыйканчылыкка, малга же башка тиричиликке ыңгайлуусу, кооз, көрктүү, өтө көркөм болуп көрүнгөн шарттары. Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас, Жер соорусу турбайбы, Муну жердеген адам тунбайбы («Семетей»). Созулуп жаткан Ысык-Көл, Соорусу жердин турбайбы (Сарногоев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашоого жайлуу жер (аба ырайы жагынан жашоого шартталган кара топурактуу дыйканчылыкка ылайыктуу жер, суусу менен чөбү мол, малга жайыты кенен жайлоо сымал жай). Ата конуш кең Талас, Жер соорусу турбайбы? («Сейтек»). Бул жарыктык Ысык-Көл, Жер соорусу турбайбы, Жердесе Ногой тунбайбы («Семетей»). Арык жок, айдагандын баары чыккан, Москва – соорусу экен бүтүн жердин (Үсөнбаев). Жылгындуу Кең-Кол, чоң Талас, Жер соорусу турбайбы, Муну жердеген адам тунбайбы («Семетей»). Созулуп жаткан Ысык-Көл, Соорусу жердин турбайбы (Сарногоев).